Радио

Эгемберди уулу: өлкөдө электр энергиясын керектегендер өсүүдө

Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин мониторинг жана комплекстүү талдоо бөлүмүнүн башчысы Бектеналы Эгемберди уулу электр энергиясына болгон тарифтер эмне себептен жогорулап жатканын айтты.
Sputnik
Өзүбүздүн өндүргөн электр энергиябыз керектөөчүлөргө жетпегенге байланыштуу чет өлкөдөн да импорттойбуз. Бул тууралуу Бектен Эгемберди уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, электр жарыгын колдонгондор орто эсеп менен 10 пайызга чейин өсүүдө.
"Чет өлкөдөн жалпы көлөмү 3,9 миллиард кВт/саат электр энергиясы импорттолот. Анын наркы орто эсеп менен алганда 2 сом 50 тыйындан айланат. Ал эми сатып алгандан кийин абоненттерге бөлүштүрүү, жеткирүү 3 сом 88 тыйынга барабар болот. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү электр жарыгынын тарифтери кеткен каражатты актабай жатат. Анын үстүнө жылдан-жылга электр энергиясынын керектөөчүлөрү 3төн 10 пайызга чейин өсүүдө. Мындан улам энергетикалык компаниялар чыгымга учуроодо (8,1 миллиард сом). Башкача айтканда, биз ар бир абонентти электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн кошумча дагы 8,1 миллиард сом табышыбыз керек. Калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн чыгымдардын ордун толтуруу керек. Ошондуктан тарифтерди көтөрүүгө аргасыз болуп жатабыз. 23-октябрдан тарта тиричиликтик эмес абоненттер үчүн электр энергиясына болгон тарифтер жогорулады. Эми алар 3 сом 76 тыйындан төлөшөт", — деди Эгемберди уулу .
Ал ошондой эле кошумча электр энергиясы Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россия өлкөлөрүнөн сатып алынарын кошумчалады.