Радио

Бишкектин башкы планына 2035-40-жылдары метро куруу сунушталып жатат

"Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемесинин комплекстүү долбоорлоо бөлүмүнүн башчысы Эйнар Кулбаев 2006-жылы кабыл алынган Бишкектин башкы планы 2025-жылы соңуна чыгарын айтты.
Sputnik
Учурда Бишкектин башкы планынын баштапкы этабын япониялык Nikken Sekkei ири архитектуралык компаниясы менен биргеликте иштеп чыгып, концептуалдык стратегиялык өнүгүү багыттары сунушталды. Бул тууралуу Эйнар Кулбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Бишкектин башкы планына 2035-40-жылдары метро куруу сунушу да каралып жатат.
"Бишкек шаарынын башкы планы 2006-жылы кабыл алынган. Ал 2025-жылга чейин иштейт. Бүгүнкү күнү шаар ирилешип, аянты кеңейип, калкынын саны өсүп жатат. Бардык аспектилер эске алынып, учурда Бишкектин башкы планынын баштапкы этабын япониялык Nikken Sekkei ири архитектуралык компаниясы менен биргеликте иштеп чыгып, концептуалдык стратегиялык өнүгүү багыттары сунушталды. Ал беш багытты камтып, компактуу шаарды курууга басым жасалды. Калктын демографиялык өсүшүн, ички миграцияны эске алып метро куруу боюнча пункт кошулду. Анткени шаар жарандарды тейлей албай калышы мүмкүн. 2035-2040-жылдары борбор калаага метро салуу сунушу берилди", — деди Кулбаев.
Ошондой эле ал өлкөдө урбанистикага көңүл бурулуп, жогорку билимдүү адистер бар экенин кошумчалады.