Бишкектин четиндеги бир гектар жерге миң көчөт отургузулду. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы бир гектар жерге 1000 көчөт отургузду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Көчөттөр "Манас" эл аралык аба майданы жакка отургузулган. 1000 көчөттүн ичинен: 800ү кара жыгач, 100ү арча, дагы 100ү карагай.
1 / 4

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы бир гектар жерге 1000 көчөт отургузду

2 / 4

Көчөттөр "Манас" эл аралык аба майданы жакка отургузулган. 1000 көчөттүн ичинен: 800ү кара жыгач, 100ү арча, дагы 100ү карагай

3 / 4

ӨКМ көчөттөрдү отургузуу иши Корея менен биргеликте ишке ашырылганын белгиледи

4 / 4

Кызматташтыктын экинчи этабында үрөндөрдү себүү каралган

ӨКМ көчөттөрдү отургузуу иши Корея менен биргеликте ишке ашырылганын белгиледи.
Кызматташтыктын экинчи этабында үрөндөрдү себүү каралган.
Радио
Чороев: "Жашыл мурастын" алкагында быйыл 5,6 млн. түп көчөт отургузулду