21-октябрга карата аба ырайы

21-октябрда республиканын аймактарында жаан-чачын жаабайт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкөнүн бийик тоолуу унаа жолдору тоңголок жана тайгак болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +21…+26, Талас облусунда +19 …+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +21…+26, Ысык-Көл жеринде +11 …+16, Нарын өрөөнүндө + 13 …+18 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +23…+25, Ош шаарында +22…+24 градусту көрсөтөт.
27-октябрга чейинки аба ырайы. Кыргызгидрометтин маалыматы