Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Өлкөдө январь-август ичинде 8 тонна 724,6 килограмм алтынды экспорттоп, 639,6 миллион долларга саткан. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган. Улуттук валюта менен алганда 55 миллиард 847,9 миллион сомго бааланган. Улуу Британия — 5 тонна 891,1 килограмм; Гонконг — 1 тонна 848,5 килограмм; Швейцария — дээрлик 971,5 килограмм; Бириккен Араб Эмирликтери — 13,5 килограммдан ашык алтын сатып алган.Белгилей кетсек, өткөн жылдын ушул мезгилинде Кыргызстан дээрлик ушул көлөмдүн тегерегинде экспорттогон — 8 тонна 717,4 килограмм, акчалай алганда, 545,2 миллион доллар. Өткөн жылы алтындын дүйнөлүк баасы төмөн болгонун эске салсак, быйылкы көрсөткүчтөр жогорулоодо.
Бишкек мэриясы коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүн карта алып, накталай эмес төлөмгө өтүүгө кайрадан чакырды. Анда карта менен төлөгөндө жол киреге 17 сом алынарын эскертишкен. "20 сомдон төлөгөн акчаңар автобазанын эсебине толук түшпөй жатат. Бул көрүнүш улана берсе 4-5 жылдан кийин жаңы автобустар дагы мурдагыдай “автобустардын мүрзөсүнө” айланат. Булар бери дегенде 15-20 жыл кызмат кылышы керек”, – деген мэрия. Ошондой эле шаардык администрация “Бишкекке тез-тез келип тургандар жол кире көтөрүлсө 40 сомдон төлөйбүзбү?” деген суроого жооп берген. “Силер да карточка алып, 100 сомдон 1000 сомго чейин акча салып койгула. Шаарга келбесеңер, автобуста жүрбөсөңөр 1 жыл болсо да акчаңар сакталып турат. Эч ким силердин акчаңарды жеп албайт”, – деп жазылат мэриянын кайрылуусунда. Жалпысынан шаардагы жүргүнчүлөрдү 1500дөй автобус тейлей турганын кошумчалашты.
Эми айдоочулук күбөлүк үчүн сынактардын жүрүшүн онлайн режимде байкап турууга болот. Учурда онлайн көрсөтүү пилоттук негизде Бишкек жана Ош шаарларындагы эки аймактык бөлүмдө иштеп баштады. Мындай чечим айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү азайтып, ачыктыкты пайда кылуу максатында кабыл алынган. Эфир сынактарына шилтемелер бардык жарандарга жеткиликтүү. Белгилей кетсек, жыл башынан бери сынактарга 345,8 миң адам катталып, анын 61,3 миңи ийгиликтүү тапшырса, 210,6 миңи тесттен өтө албай калган.
Москвада Кыргызстандын чыгармачыл жана илимий интеллигенциясы уюштурган "Достук көпүрөсү: Кыргызстан менен Россиянын маданий жана илимий кызматташтыгы" аттуу форум болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди. Иш-чара Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналып уюштурулган.Форум окумуштуу Осмонакун Ибраимовдун жаңы китебинин бет ачары менен башталган. Андан кийин Кыргызстан менен Россиянын маданият жана илим чөйрөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү бул жааттагы кызматташтыкты бекемдөөнү талкуулашкан. Соңунда китепканага экскурсия уюштурулду. 22-октярбрга чейин Россиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында Кыргызстандын маданият күндөрү өтүп, бир катар иш-чаралар болот. Муну менен Кыргызстандын маданиятын жана тарыхый мурасын Россиянын жашоочуларына таанытуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлөт.