Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Бишкек мэриясы коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүн карта алып, накталай эмес төлөмгө өтүүгө кайрадан чакырды. Анда карта менен төлөгөндө жол киреге 17 сом алынарын эскертишкен. "20 сомдон төлөгөн акчаңар автобазанын эсебине толук түшпөй жатат. Бул көрүнүш улана берсе 4-5 жылдан кийин жаңы автобустар дагы мурдагыдай “автобустардын мүрзөсүнө” айланат. Булар бери дегенде 15-20 жыл кызмат кылышы керек”, – деген мэрия. Ошондой эле шаардык администрация “Бишкекке тез-тез келип тургандар жол кире көтөрүлсө 40 сомдон төлөйбүзбү?” деген суроого жооп берген. “Силер да карточка алып, 100 сомдон 1000 сомго чейин акча салып койгула. Шаарга келбесеңер, автобуста жүрбөсөңөр 1 жыл болсо да акчаңар сакталып турат. Эч ким силердин акчаңарды жеп албайт”, – деп жазылат мэриянын кайрылуусунда. Жалпысынан шаардагы жүргүнчүлөрдү 1500дөй автобус тейлей турганын кошумчалашты.
Баткен облусунун Баткен районундагы Зардалы айылына тез жардам унаасы берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Алыскы аймактарда калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн президенттик фонддон саламаттык сактоо уюмдарына берилген 20 тез жардам унааларынын бири Баткен облусунан 100 чакырым алыстыкта жайгашып, 230 адам жашаган шарты катаал айыл Зардалы айылына бөлүндү. Буга чейин айыл тургундары катуу ооруп калган учурда облустук борборго тик учак менен гана барууга мүмкүн болгон. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Зардалыга болгон сапарында жергиликтүү тургундар айылга тез жардам унаасын берүүнү суранышкан.
Россиянын декоративдик искусство музейинде кыргыздардын "Кылымдардын мурасы" аттуу көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Иш-чара Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналып өтүүдө."Көргөзмө кыргызстандык байыркы чеберлердин дүйнөлүк маданиятка кошкон баа жеткис салымдарын көрсөтүүнү көздөйт. Экспозицияда илгерки мезгилдерден бери сакталып келген баалуу эмгектер коюлган. Ошондой эле кыргыздардын салттуу турак жайы болгон боз үй да көрсөтүлдү", — деп жазылган маалыматта. Иш-чара эртең, 21-октябрда, жыйынтыкталат. Көргөзмө Кыргызстандын миңдеген жылдар бою калыптанган тарыхы, маданияты жөнүндө уникалдуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет.
Израилдин Иранга сокку урууга даярдыктары, Аскердик-аба күчтөрүнүн "аба-жер" ракеталары менен машыгуулары боюнча АКШнын өтө купуялуу чалгындоо маалыматтары интернетке тарап кеткен. Америка эми бул жашыруун нерсени ким ачыкка чыгаргандыгын иликтейт. Бул тууралуу CNN телеканалы кырдаалдан кабардар булактарга таянып кабарлаганын РИА Новости жазды. "Америка Израилдин Ирандан өч алуу боюнча пландары тууралуу өтө купуялуу чалгындоо маалыматтарынын тарап кетишин иликтейт", — деп айтылат маалыматта. 15-16-октябрда даярдалган документтер интернетке 18-октябрда тарай баштаган. CNN ал документтерде өтө купуялуу экенин көрсөткөн белги болгонун кошумчалаган. Белги андагы маалыматтарды АКШдан тышкары Канада, Жаңы Зеландия, Британия жана Австралия кирген "Беш көз" чалгындоо альянсынын мүчөлөрү гана окуй алат дегенди билдирет.