Табарсык тарабына ок тийип Ош облустук ооруканага түшкөн 6 жаштагы балага операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. "Баладан тир мылтыктын огу алынды. Анын абалы туруктуу", — дешти мекемеден. Окуя кечээ Кара-Суу районундагы Падаван айылына караштуу аймакта болгон. Жергиликтүү жашоочу 6 жана 12 жаштагы эки баласы менен дыйканчылык талаасын кайтарып жүрүшкөн. Ал пневматикалык куралды иттерден коргонуу үчүн жанына алып жүргөн. Балдардын улуусу инисин кокустан атып алган. Жабыркаган бөбөктү ооруканага атасы жеткирген.
Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 17-октябрдан 29-октябрга чейин жүрөт. Каттоо Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу онлайн жүргүзүлөт. Кышкы кабыл алуу ЖОЖдордун контракттык окутуу формасына гана жүргүзүлөт жана орто билимге же кесиптик орто билимге ээ, колунда орто билимин тастыктаган аттестаты/диплому бар адамдар гана катыша алат.Каттоо акысы төлөнбөгөн учурда ЖРТга катышуу мүмкүн эмес. Негизги тесттин акысы – 470 сом, Мамлекеттик тил боюнча тесттин акысы – 200 сом, Ар бир предметтик тесттин акысы – 470 сом.
Өлкөдө айдоочулук күбөлүк үчүн сынактардын жүрүшүн онлайн режимде байкап турууга болот. Учурда онлайн көрсөтүү пилоттук негизде Бишкек жана Ош шаарларындагы эки аймактык бөлүмдө иштеп баштады. Мындай чечим айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү азайтып, ачыктыкты пайда кылуу максатында кабыл алынган. Эфир сынактарына шилтемелер бардык жарандарга жеткиликтүү. Белгилей кетсек, жыл башынан бери сынактарга 345,8 миң адам катталып, анын 61,3 миңи ийгиликтүү тапшырса, 210,6 миңи тесттен өтө албай калган.
Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курамасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатына даярдык көрүү максатында Бишкек шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 6-октябрь күнү башталган окуу-машыгуу жыйыны бугун, 20-октябрда жыйынтыкталат. Окуу-машыгуу жыйыны “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин 2024-жылга карата календардык планына ылайык өткөрүлүүдө.
Молдовада президенттик шайлоого жана Евробиримдик боюнча референдумга добуш берүү үчүн шайлоо участкалары бүткүл өлкө боюнча ачылды. Жекшембиде республиканын тургундары келерки төрт жылга мамлекет башчысын тандап, ошондой эле евроинтеграция үчүн баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү же киргизбөө чечимин кабыл алышат. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Жергиликтүү мыйзамдарга ылайык, шайлоочулардын саны 33,3 пайыздан ашса президенттик шайлоо өттү деп эсептелет. Москва убактысы боюнча саат 7.00дө Молдованын аймагындагы 2 миңден ашык шайлоо участкалары, дагы 234ү чет өлкөлөрдө ишин баштады. Борбордук шайлоо комиссиясы 784 эл аралык жана 1 277 улуттук байкоочуну аккредитациялаганын билдирди. Ошол эле учурда эл аралык байкоочулардын арасында Россиянын жана КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын өкүлдөрү жок. Мамлекет башчылыгына 11 талапкер ат салышууда.