Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Кыргызстанда "Эл дөөлөтү — эмгек" улуттук программасы иштелип чыкты. Аны Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Программа 2030-жылга чейин эмгек рыногун өнүктүрүү жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө багытталган. Концепцияда 2030-жылга карата жумушсуздуктун деңгээлин 4,9 пайыздан 4 пайызга чейин, жакырчылыктын деңгээлин 29,8дан 25 пайызга чейин азайтуу, ошондой эле экономиканын формалдуу секторунда жыл сайын кеминде 50 миң жумуш ордун түзүү максаты коюлган. "Алдыдагы беш жылда өлкөнүн калкы 630 миңге өсүп, 7,6 миллионго жетет. Мунун ичинен эмгекке жарамдуу курактагылар 250 миңге көбөйүп, 3,9 миллионго жакындайт. 14-28 жаштагылардын үлүшү 5 жылда 75,5 миң адамга өсөт жана өлкөнүн эмгекке жарамдуу калкынын жалпы санынын 30 пайызга жакынын түзөт. Жыл ичинде эмгекке жарамдуу калктын максималдуу өсүшү 2025-жылы 1,1 пайыз болот. Бул курактык топтогу калктын санынын өсүшү 2040-жылга чейин байкалат", — деп жазылган программада.
Кыргызстан январь-август ичинде 8 тонна 724,6 килограмм алтынды экспорттоп, 639,6 миллион долларга саткан. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган. Улуттук валюта менен алганда 55 миллиард 847,9 миллион сомго бааланган. Белгилей кетсек, өткөн жылдын ушул мезгилинде Кыргызстан дээрлик ушул көлөмдүн тегерегинде экспорттогон — 8 тонна 717,4 килограмм, акчалай алганда, 545,2 миллион доллар. Өткөн жылы алтындын дүйнөлүк баасы төмөн болгонун эске салсак, быйылкы көрсөткүчтөр жогорулоодо. Мисалы, быйыл августтун аягында бир унция алтын 2,5 миң долларды түзсө, былтыр ошол маалда 1,9 миң доллардан аз болчу.
Бишкектеги мугалимдердин айлыгына берилчү каражат эми шаардык эмес, республикалык бюджеттен төлөнөт. Бул тууралуу парламенттик фракциялардын жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди. Анын айтымында, буга короп жүргөн шаардык бюджеттин каражаты башка максаттарга колдонулмакчы. "Биз мектептерди камсыздоо чыгымын республикалык бюджетке которуп жатабыз. 2025-жылы Бишкектин бюджетиндеги 3 миллиард сом, 2026-жылы 6,5 миллиард сом бошотулат. Каражат толугу менен мэрияда калып, шаарды өнүктүрүүгө жумшалмакчы", — деди Бакетаев. Буга чейин борбор калаадагы мугалимдердин эмгек акысы Бишкек мэриясынын бюджетинен алынчу.
Владимир Зеленский мобилизациялангандардын курагы дагы төмөндөсө өлкөдөн жаштар чыгып кетиши мүмкүн деген кооптонуулар тууралуу суроого жооп берип жатып, жаштар Украинадан качып жатканын мойнуна алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Зеленский Украинанын Батыштагы бир катар өнөктөштөрү өлкөдө мобилизациялай турчулардын жашын төмөндөтүүнү каалап жатканын моюнга алган. Бирок азырынча Киевдин мындай планы жок. Жума күнү Украинанын Коргонуу министрлигинин башчысы Рустем Умеров Киев эмне үчүн 18 жаштан 25 жашка чейинкилерди фронтко жибербей жатканын билүү үчүн АКШ украин бийлиги менен мобилизациялана тургандардын жашын төмөндөтүү маселесин талкуулап жатканын айткан. Буга чейин украи