Радио

"Зоо Бишкек" реабилитациялык борбору шаардыктардан жардам күтөт

"Зоо Бишкек" реаблитациялык борборунун зоотехниги Азамат Алтынбеков борбордун абалы тууралуу айтты.
Sputnik
"Зоо Бишкек" борборунда 300дөй жаныбар жана канаттуу бар. Алар учурда жем, тамак-аш жактан көрсөтүүчү жардамга муктаж болууда. Бул тууралуу Азамат Алтынбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, борбордогу жаныбарлар айына 150 килограмм эт жана жакшы сапаттагы жер-жемиштерди жешет.
"Биздин реабилитациялык борбор өтө уникалдуу долбоор десек болот. Анткени биз эч кандай жаныбарды сатып албайбыз жана сатпайбыз. Бизге дайыма шаар тургундары алып келип таштап кетишет. Ал жерде коён, таш бака жана тоту куштар көп. Ар кандай адамдар бар. Көбү жаныбарларды балдарына оюнчук катары сатып берип коюшат. Бирок жоопкерчилигин ойлошпойт. Анткени жаныбарлардын да ар кандай мүнөзү, кыялы болот. Ошону менен бирге эле багып, тарап, карап туруу зарыл. Ушул жагына келгенде эле тамак-ашына чыдабай же тажап, бизге таштап кетишет. Борбордогу 300 жаныбардын ар биринин ушундай окуясы, тагдыры бар. Негизи учурда өтө кыйын жагдайда турабыз. Жайында көрүүчүлөр көп келген мезгилде алардан түшкөн каражат керектөөбүздүн 30 гана пайызын жапчу. Калганы өз чөнтөгүбүздөн же кайрымдуу адамдардын көмөгү менен жабылат. Бизге шаардыктардын арасында жер-жемиш алып келип же каржылык жактан жардам бергендер бар", — деди Алтынбеков.
Ал реабилитациялык борбордо маймыл, карышкыр, түлкү, бугу жана ар кандай канаттуулардын түрү бар экенин кошумчалады.