Жалал-Абад: жол эрежесин бузган айдоочу автоинспекторго кол көтөрдү. Видео

Айдоочу күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, өкүнүп жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Ноокен районунда автоинспекторго кол көтөргөн айдоочу кармалганын Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя кечээ, 18-октябрда, Бишкек — Ош жолунда болгон. Инспектор трассаны бөлүп турган кош сызыктан өтүп каршы тилке менен келаткан оор жүк ташуучу Mersedes-Benz автоунаасын токтоткон. Айдоочу тартип сакчыга документтерин көргөзүүдөн баш тартып, аны жакалап, асылып, кызматтык кийиминдеги чиндерин жулуп, миздүү темир менен сайып алам деп коркутканы айтылды.
Автоинспектор милицияга кайрылып, айдоочуга карата чара көрүүнү суранган. Аталган факт боюнча "Бейбаштык" беренеси менен иш козголуп, 23 жаштагы айдоочу убактылуу кармоо жайына киргизилди.
"Ноокен РИИБи боюнча ЖКККБнын кенже тескөөчүсү, милициянын улук сержанты К.Тга карата кол салган жаран Ош облусунун Ноокат айыл аймагынын 2001-жылы туулган А.А. экендиги аныкталып, ал өзүнүн берген көрсөтмөсүндө күнөөсүн толугу менен моюндап, өкүнүп жатканын билдирген", — деп айтылат маалыматта.
Бишкекте жол кырсыгы катталып, эки адамдын өмүрү кыйылды