Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский жаштар Украинадан качып жатканын моюндады

Зеленский Украинанын Батыштагы бир катар өнөктөштөрү өлкөдө мобилизациялай турчулардын жашын төмөндөтүүнү каалап жатканын, бирок азырынча Киевдин мындай планы жок экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Владимир Зеленский мобилизациялангандардын курагы дагы төмөндөсө өлкөдөн жаштар чыгып кетиши мүмкүн деген кооптонуулар тууралуу суроого жооп берип жатып, жаштар Украинадан качып жатканын мойнуна алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Жаштардын Украинадан кетип жатканы олуттуу чакырык. Алар — биздин келечек. Сыртка чыгып кетип жатканы боюнча айта турган болсок, согуш учурунда баары бир эл сыртка агылат", — деген Зеленский украиналык ЖМКлардын бирине маек берип жатып.

Зеленский Украинанын Батыштагы бир катар өнөктөштөрү өлкөдө мобилизациялай турчулардын жашын төмөндөтүүнү каалап жатканын моюнга алган. Бирок азырынча Киевдин мындай планы жок.
Жума күнү Украинанын Коргонуу министрлигинин башчысы Рустем Умеров Киев эмне үчүн 18 жаштан 25 жашка чейинкилерди фронтко жибербей жатканын билүү үчүн АКШ украин бийлиги менен мобилизациялана тургандардын жашын төмөндөтүү маселесин талкуулап жатканын айткан.
Буга чейин украиндердин Дүйнөлүк конгрессинин билим берүү кеңешинин жетекчиси Любовь Любчик 2022-жылдан бери 1 миллиондон ашык мектеп окуучусу Украинадан чыгып кеткенин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Зеленскийди Украинадагы жаңжалды баштаган деп айыптады