Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Туткундалган украиналык аскерлерди өлтүрүп жатышат деген кепке Захарова жооп берди

Кызматтан кетип жаткан Боррелдин украин маанайындагылар арасындагы чууну дагы кызытып, Россияны каралоо үчүн жалган маалыматтар айтылып жатканы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. РФ ТИМинен ЕБдин дипломатия башчысы Жозеп Боррелдин украиналык туткундарды россиялык аскерлер өлтүрүп жатат деген билдирүүсүнө жооп беришти.
Аталган ведомствонун сайтына РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарованын комментарийи жарыяланган. Анда кызматтан кетип жаткан Боррелдин украин маанайындагылар арасындагы чууну дагы кызытып, Россияны каралоо үчүн жалган маалыматтар айтылып жатканы белгиленген.
Захарованын айткандарынын урунттуу жерлери:
Боррель Россияны негизсиз айыптап, украиналык согушкерлерди туткунда өлтүрдү деген дооматтарды билдирди. Ал эми колго түшкөндөр Курск облусундагы тынч тургундарга каршы жапайылык менен кол салып, Россиянын аймагында террор жана талап-тоноочулук менен алектенген неонацисттер болгон;
европалык чиновниктин калпы "Бучадагы кыргын", " уурдалган 20 миң украиналык бала", "орус аскерлеринин мыкаачылыктары" жана башка ойдон чыгарылган окуялар менен бир катарда турат. Бул окуялардын бирин дагы Киев же анын Батыштагы колдоочулары документалдуу негизде далилдей алган жок;
ачык маалымат булактарда киевдик режим жакта туруп согушкан украиналык неонацисттердин жана жалданган чет элдиктердин кылмыштарына далилдер көп. Анын ичинде россиялык аскер туткундарына жасаган жосундары да кездешет. Зеленскийдин согушкерлери социалдык тармактарда өз мыкаачылыктарын жашырмак түгүл канаттанып, ага корстон болуп жүрүшөт;
Россияны жеңүү мүмкүн эмес, андыктан муну Евробиримдик жана жалпы Батыш канчалык эртерээк түшүнүшсө, бардыгы үчүн ошончолук жакшы болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчи: Украина аскерлери Курск жашоочуларын атып жатат, ал эми Батыш унчукпай турат