Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия ТИМи Украина НАТОго кирсе кесепети кандай болорун айтты

Буга чейин Венгриянын ТИМ башчысы Петер Сиярто Украинанын НАТОго кириши үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышын түшүндүрөт деп айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Киевдин бүгүнкү кырдаалда НАТОго кошулуусу Украинадагы жаңжалды саясий жана дипломатиялык жол менен жөнгө салуу мүмкүнчүлүктөрүн жокко чыгарат. Ошондой эле альянстын Россияга каршы согушка катышуусуна түзмө-түз шарт түзөт.
Бул туурасында РИА Новостиге Россиянын Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча экинчи департаментинин директору Алексей Полищук билдирди.
Буга чейин Венгриянын ТИМ башчысы Петер Сиярто Украинанын НАТОго кириши үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышын түшүндүрөт деп айткан.
Полищук Сияртонун билдирүүсүнө "биз Украинанын НАТОго киришинин кооптуулугу тууралуу дайыма айтып келебиз" деп жооп кайтарган.
Дипломат бул блокту жетектегендердин арасында Украинанын НАТОго киришинен кандай натыйжа чыгарын түшүнгөн акыл-эстүү саясатчылар бар деген үмүтүн билдирген.
Financial Times гезити өткөн жумада Киев Түндүк Атлантика альянсына мүчө болуу үчүн аймагынын бир бөлүгүн берүү боюнча жабык эшик артында сүйлөшүүлөр өтүп жатканын жазган. Басылманын айтымында, Киев мындай кадамга аскердик күчтүн тартыш болгондугунан жана 1991-жылдагы чек арага чыга албастыгын түшүнгөндөн кийин барууда.
РФ президенти Владимир Путин НАТО мамлекеттери Киевге Россиянын тереңине сокку урууга уруксат берип от менен ойноп жатканын түшүнүшү керектигин эскерткен. Өлкө башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песков Россия кандай жооп кайтарарын президент менен аскер адамдары жакшы билерин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский жаштар Украинадан качып жатканын моюндады