Радио

Бишкек ТЭЦи күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даяр экенин айтышты

Бишкек жылуулук электр борбору муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Калыбек Алиев Бишкек ТЭЦи күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даяр экенин айтты.
Sputnik
Бишкек жылуулук электр борборуна 2024-2025-жылдардын жылытуу мезгилине карата 1 миллион тонна көмүр, 110 миллион куб газ жана 8 000 тонна мазут керектелет. Бул тууралуу Калыбек Алиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, борбордун кампасына азыркы тапта жалпы 300 миң тонна көмүр келип түштү.
"Алдыдагы жылытуу мезгилинде шаар тургундары суукта калбайт. Бишкек ТЭЦтин эскилиги жеткен жабдуулары керектүү оңдоодон өтүп, күзгү-кышкы жылытуу мезгилине карата пландалган иштер аткарылды. Энергетиктер күнү-түнү иштешүүдө. Бүгүнкү күндө жабдуулар электр, жылуулук энергиясын өндүрүүгө даяр. ТЭЦтин жети от казаны, төрт агрегаты жана № 3-4 энергетикалык блоктор капиталдык оңдоп-түздөөдөн өткөрүлдү. Учурда №3 блокто да иштер аяктап, пайдаланылууда. Ал 150 МВт электр энергиясын жана 150 Гкал жылуулук энергиясын өндүрүп жатат. Быйыл борбор жалпы 1 миллион тонна көмүр керектейт. Анын 250 миң тоннасы импорттолгон көмүр болсо, Кара-Кечеден 520 миң тонна, Ак-Улак кенинен 180 миң тонна көмүр жагылат. Мындан тышкары, кошумча отун катары газ жана мазут колдонулат", — деди Алиев.
Ал ошондой эле Бишкек ТЭЦтин казандары үчүн негизги отун катары кара алтын эсептелинерин кошумчалады.