Аскерлер комузду кармап көрүп. Тажикстандагы машыгууда КРдин маданият күндөрү да өттү

Иш-чарада ордо жана тогуз коргоол ойнотулуп, аскерлерге улуттук тамак-аш берилип, музыкалык аспатар көрсөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Тажикстандын "Харбмайдон" полигонунда өтүп жаткан "Рубеж-2024" машыгуусунун алкагында Кыргызстандын маданият күндөрү өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлиги кабарлады.
1 / 3

Тажикстандын "Харбмайдон" полигонунда өтүп жаткан "Рубеж-2024" машыгуусунун алкагында Кыргызстандын маданият күндөрү өттү

2 / 3

Иш-чарада кыргыздын улуттук оюндарынан ордо жана тогуз коргоол ойнотулуп, улуттук тамак-аш менен сыйлашып, Кыргызстандан алып барган балдын түрү, улуттук кийимдер, музыкалык аспаптар көрсөтүлгөн.

3 / 3

"Рубеж-2024" машыгуусуна Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстандын аскерлери, Бириккен штабдын жана ЖККУ катчылыгынын оперативдик топтору катышууда.

Иш-чарада кыргыздын улуттук оюндарынан ордо жана тогуз коргоол ойнотулуп, улуттук тамак-аш менен сыйлашып, Кыргызстандан алып барган балдын түрү, улуттук кийимдер, музыкалык аспаптар көрсөтүлгөн.
"Рубеж-2024" машыгуусуна Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстандын аскерлери, Бириккен штабдын жана ЖККУ катчылыгынын оперативдик топтору катышууда. Машыгууга 1500гө жакын аскер кызматкерлери барган. 250дөн ашык аскердик жана атайын техникалар, анын ичинде учак, тик учак жана учкучсуз учуучу аппараттар колдонулуп жатат.
Балыкчыда ЖККУ машыгууларынын активдүү фазасы өтүүдө. Видео