Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Францияда Путиндин сөзүнөн кийин Зеленскийди каржылоону токтотууга чакырык жасалды

Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Франциялык "Патриоттор" партиясынын лидери Флориан Филиппо Владимир Путиндин НАТО украиналык аскерлердин колу менен согушуп жатат деген сөзүнөн кийин Х социалдык тармагы аркылуу Владимир Зеленскийди каржылоону токтотууга чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Путин азыр болуп жаткан кан төгүүнү бир нече сөз менен сүрөттөп берди. НАТО – өлүм машинасы! Келгиле, Зеленскийди каржылоону жана курал-жарак берүүнү токтотобуз. Келгиле, альянстан чыгабыз!" — деген саясатчы.
Путин БРИКС өлкөлөрүнүн алдыңкы ЖМК мүчөлөрү менен жолугушуусунда НАТО Россия менен согушуп, бирок муну украиналык аскерлердин колу менен жасап жатканын, Украина үчүнчү мамлекеттердин кызыгы артышы үчүн өзүнүн аскерлерин аябай турганын айткан.
Буга чейин Financial Times гезити украиналык аскерлер фронтко эч кандай даярдыксыз келип жатканын, алар чабуулга тушукканда эле позициялары таштап кетип жатканын жазган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ТИМи Украина НАТОго кирсе кесепети кандай болорун айтты