РКӨФ ЕАЭБдин кооперациялык долбоорлоруна катышуусу мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстан Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна ЕАЭБдеги кооперацияны колдоо боюнча долбоорлорго катышууну сунуштаганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
ЕЭКтин кеңешинин жыйынында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин чечиминин долбоору жактырылды.

"Бул чечим РКӨФтүн ЕАЭБде өнөр жай кооперациясын каржылык колдоо механизмине катышуусун камсыз кылууну сунуштайт. Маселе Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алдыдагы жыйынында каралышы күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык комиссиясына биримдикке мүчө мамлекеттер менен бирге өнөр жай кооперациясын каржылык колдоо механизминин чөйрөсүн кеңейтүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.
Эске салсак, кооперативдик колдоонун алкагында пайыздык коюмдун бир бөлүгү субсидияланат.
ЕЭК министри: ЕАЭБ кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүүгө белсенүүдө