Статком: Кыргызстанда аялдар аз төрөй баштады

Төрөттүн орточо коэффициенти 2000-жылдардын башынан бери өссө, 2019-жылдан тартып бир аз төмөндөгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстанда аялдар аз төрөй баштады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылган.
Комитеттен билдиргендей, төрөттүн орточо коэффициенти 2000-жылдардын башынан бери өссө, 2019-жылдан тартып бир аз төмөндөгөн.
Акыркы жылдардын салыштыруу маалыматы:
2019 — төрөттүн коэффициенти 3,33тү түзгөн. Башкача айтканда, 100 аялга 333 бала туура келет;
2020 — 3,05;
2021 —2,89;
2022 —2,81;
2023 — 2,71.
Бул статистикага карабай Кыргызстандын калкынын саны көбөйүүдө. Маселен, былтыр 1,8%га көтөрүлгөн. Дүйнөлүк стандарттар боюнча бул жетишерлик өсүү темпи деп эсептелет.
Демографтар калктын саны азайбаш үчүн төрөттүн коэффициенти бир аялга 2,01-2,1 баланын тегерегинде болушу керек деп эсептешет.
Көбүрөөк төрөгүлө! Ташиев УКМК кызматкерлеринин жубайларына кайрылды