Сегиз айда 56 млрд. сомдук алтын экспорттолгон

Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстан январь-август ичинде 8 тонна 724,6 килограмм алтынды экспорттоп, 639,6 миллион долларга саткан. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган.
Улуттук валюта менен алганда 55 миллиард 847,9 миллион сомго бааланган.
Алтын сатып алган өлкөлөр:
Улуу Британия — 5 тонна 891,1 килограмм;
Гонконг (Кытайдын атайын административдик району) — 1 тонна 848,5 килограмм;
Швейцария — дээрлик 971,5 килограмм;
Бириккен Араб Эмирликтери — 13,5 килограммдан ашык.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын ушул мезгилинде Кыргызстан дээрлик ушул көлөмдүн тегерегинде экспорттогон — 8 тонна 717,4 килограмм, акчалай алганда, 545,2 миллион доллар (47,7 миллиард сом). Өткөн жылы алтындын дүйнөлүк баасы төмөн болгонун эске салсак, быйылкы көрсөткүчтөр жогорулоодо.
Мисалы, быйыл августтун аягында бир унция алтын 2,5 миң долларды түзсө, былтыр ошол маалда 1,9 миң доллардан аз болчу.
Улуттук банктын резерви 1 млрд. долларга көбөйүп, 4 млрд. доллардан ашты