Кара-Сууда алты жашар бала ок жеп ооруканага түштү. Чоо-жайы

Бөбөктү агасы ойноп жатып кокусунан тир мылтык менен атып алганын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Ош облустук ооруканасына бүгүн кечинде алты жаштагы бала ок жеп түшкөн. Бул туурасында Ош облустук ИИБден билдиришти.
Милиция окуя Кара-Суу районундагы Падаван айылына караштуу аймакта саат 20:30дар чамасында болгонун айтты.

"Талаага эгин кайтарганы барган учурда агасы бөбөгүн пневматикалык мылтык (тир мылтык) менен кокустан атып алган. Ок табарсык тарапка тийген. Ал жерде атасы да болгон. Баланы ооруканага 20:55терде алып келишкен", — деп билдиришти милициядан.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинен кичинекей бейтаптын абалы орточо оор экенин айтышты.
"Ооруканада бөбөктүн ички органдарын рентген жана УЗИге шашылыш түрдө тартышкан. Рентгенден тир мылтыктын огу ич көңдөйүнүн оң жак тарабынын астыңкы бөлүгүндө турганы байкалат. УЗИден караганда ички органдарында оор жаракаттар көрүнбөйт. Баланын жалпы абалы орточо оор, анализдери толук алынды. Абалы тынымсыз байкоодо турат", — деп билдиришти.
Эртең операция жасалышы мүмкүн экендигин кошумчалашты.
Жалал-Абадда 6 жаштагы бала мылтык менен ойноп жатып бөбөгүн атып алган