Бишкек прокуратурасынын кызматкерлери жана Аскер лицейинин юристи кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бишкектин прокурорунун орун басары, шаардык прокуратуранын бөлүм башчысынын орун басары жана Аскер лицейинин юристи кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин ишенимдүү адамдары маалымдашты.
Эске салсак, кечээ алардын УКМКда сурак берип жатканы белгилүү болгон.
Алдын ала берилген маалыматтарда, үчөө Бишкектин вице-мэри Рамиз Алиевден ("Тазалыктын" мурдагы жетекчиси) опузалап пара талап кылган деп шектелүүдө. Кеп 5 миң доллар туурасында жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын прокуратурасы "Тазалык" муниципалдык ишканасын текшерип, ишкананын айрым кызматкерлерине 134,2 тонна күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз берип, жалпы суммасы 7 млн. 179 миң 498 сомду түзгөн бюджеттик каражатты кымырып алуу фактыларын аныктаган.
Баңгизат саткандар кармалып, үйүнөн 2,5 млн. сомдук "товар" табылган