Акылбек Жапаров расмий сапар менен Россияга барды

Жапаровду Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрү, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик агенттиктердин директорлору коштоп барган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын Москва шаарына расмий сапар менен барганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, минкаб төрагасын "Внуково 2" эл аралык аэропортунан Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.
1 / 4

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын Москва шаарына расмий сапар менен барды

2 / 4

Минкаб төрагасын "Внуково 2" эл аралык аэропортунан Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды

3 / 4

Аэропортто эки өлкөнүн туулары илинип, гимндери жаңырган соң Ардак кароол ротасы аскердик оркестрдин коштоосунда салтанаттуу марш менен өткөн

4 / 4

Делегациянын курамында Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрү, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик агенттиктердин директорлору бар

Аэропортто эки өлкөнүн туулары илинип, гимндери жаңырган соң Ардак кароол ротасы аскердик оркестрдин коштоосунда салтанаттуу марш менен өткөн.
Делегациянын курамында Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрү, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик агенттиктердин директорлору бар.
Расмий сапардын алкагында Акылбек Жапаров Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Россиядагы маданият күндөрүн майрамдоого арналган иш-чараларга катышмакчы.
Ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн биргелешкен жыйыны, эки тараптуу жолугушуулар жана кеңейтилген маданий программалар уюштурулары күтүлүүдө.
Садыр Жапаров: Кыргызстан Россия менен кызматташпай коё албайт