20-октябрга карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Жекшембиде дыйканчылык аймактарда күн ачык болот, бирок бийик тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн. Мындай билдирүүнү Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө 17…22, Талас облусунда 19…21, Нарын өрөөнүндө 9…14, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 19…24, Ысык-Көл жергесинде 11…16 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 18…20, Ош шаарында 22…24 градусту көрсөтөт.
Суук болот. Ноябрга карата аба ырайынын божомолу