Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын Москва шаарына расмий сапар менен барганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, минкаб төрагасын "Внуково 2" эл аралык аэропортунан Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.Аэропортто эки өлкөнүн туулары илинип, гимндери жаңырган соң Ардак кароол ротасы аскердик оркестрдин коштоосунда салтанаттуу марш менен өткөн. Делегациянын курамында Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрү, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик агенттиктердин директорлору бар. Расмий сапардын алкагында Акылбек Жапаров Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Россиядагы маданият күндөрүн майрамдоого арналган иш-чараларга катышмакчы. Ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн биргелешкен жыйыны, эки тараптуу жолугушуулар жана кеңейтилген маданий программалар уюштурулары күтүлүүдө.
Тажикстандагы "Рубеж-2024" машыгуусунун алкагында Кыргызстандын маданият күндөрү өттү Анда ордо жана тогуз коргоол ойнотулуп, аскерлерди кыргыздын улуттук тамак-ашы менен сыйлашкан. Ошондой эле улуттук кийимдер, музыкалык аспаптар көрсөтүлгөн. "Рубеж-2024" машыгуусуна Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстандын аскердик контингенттери, Бириккен штабдын жана ЖККУ Катчылыгынын оперативдик топтору болуп, 1500дей аскер катышууда.
Кыргызстанда аялдар аз төрөй баштады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында жазылган Эгерде сандардын тили менен айтсак, 2019-жылы төрөттүн коэффициенти 3,33тү түзгөн. Башкача айтканда, 100 аялга 333 бала туура келет. 2020-жылы бул көрсөткүч 3,05ке, 2023-жылы 2,71ге чейин төмөндөгөн. Бул статистикага карабай, Кыргызстандын калкынын саны көбөйүүдө. Маселен, былтыр 1,8%га көтөрүлгөн. Дүйнөлүк стандарттар боюнча бул жетишээрлик өсүү темпи деп эсептелет. Буга чейин Камчыбек Ташиев өлкөдө ар бир үй-бүлөдө аз дегенде 5-6дан бала болушу керектигин айткан.
Киевдин бүгүнкү кырдаалда НАТОго кошулуусу Украинадагы жаңжалды саясий жана дипломатиялык жол менен жөнгө салуу мүмкүнчүлүктөрүн жокко чыгарат. Ошондой эле альянстын Россияга каршы согушка катышуусуна түзмө-түз шарт түзөт. Бул туурасында РИА Новостиге Россиянын Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча экинчи департаментинин директору Алексей Полищук билдирди. Буга чейин Венгриянын ТИМ башчысы Петер Сиярто Украинанын НАТОго кириши үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышын түшүндүрөт деп айткан. Дипломат бул блокту жетектегендердин арасында Украинанын НАТОго киришинен кандай натыйжа чыгарын түшүнгөн акыл-эстүү саясатчылар бар деген үмүтүн билдирген. Financial Times гезити өткөн жумада Киев Түндүк Атлантика альянсына мүчө болуу үчүн аймагынын бир бөлүгүн берүү боюнча жабык эшик артында сүйлөшүүлөр өтүп жатканын жазган. Басылманын айтымында, Киев мындай кадамга аскердик күчтүн тартыш болгондугунан жана 1991-жылдагы чек арага чыга албастыгын түшүнгөндөн кийин барууда.