Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Кыргызстан январь-август ичинде 8 тонна 724,6 килограмм алтынды экспорттоп, 639,6 миллион долларга саткан. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган. Улуттук валюта менен алганда 55 миллиард 847,9 миллион сомго бааланган. Алтын сатып алган өлкөлөр: Улуу Британия — 5 тонна 891,1 килограмм; Гонконг — 1 тонна 848,5 килограмм; Швейцария — дээрлик 971,5 килограмм; Бириккен Араб Эмирликтери — 13,5 килограммдан ашык. Белгилей кетсек, өткөн жылдын ушул мезгилинде Кыргызстан дээрлик ушул көлөмдүн тегерегинде экспорттогон — 8 тонна 717,4 килограмм, акчалай алганда, 545,2 миллион доллар. Өткөн жылы алтындын дүйнөлүк баасы төмөн болгонун эске салсак, быйылкы көрсөткүчтөр жогорулоодо. Мисалы, быйыл августтун аягында бир унция алтын 2,5 миң долларды түзсө, былтыр ошол маалда 1,9 миң доллардан аз болчу.
Билим берүү жана илим министрлигинде 414,5 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынан кабарлашты.Маалыматка ылайык, сумма 2022-жылга карата аудиттин жыйынтыгы менен белгилүү болгон. "Министрликте жана анын ведомстволук уюмдарында аныкталган мыйзам бузуулардын суммасы 414,5 миллион сомду түздү. Анын ичине 154,1 миллион сом калыбына келтирилүүгө тийиш. Учурда 78 миң сом ордуна кайтарылган", — деп айтылат маалыматта. Аудиттин жыйынтыгы боюнча тиешелүү жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлгөнү кошумчаланды.
Ноокен районунда автоинспекторго кол көтөргөн айдоочу кармалганын Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.Окуя кечээ, 18-октябрда, Бишкек — Ош жолунда болгон. Инспектор трассаны бөлүп турган кош сызыктан өтүп каршы тилке менен келаткан оор жүк ташуучу Mersedes-Benz автоунаасын токтоткон. Айдоочу тартип сакчыга документтерин көргөзүүдөн баш тартып, аны жакалап, асылып, кызматтык кийиминдеги чиндерин жулуп, миздүү темир менен сайып алам деп коркутканы айтылды. Автоинспектор милицияга кайрылып, айдоочуга карата чара көрүүнү суранган. Аталган факт боюнча "Бейбаштык" беренеси менен иш козголуп, 23 жаштагы айдоочу убактылуу кармоо жайына киргизилди.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин Rewards for Justice программасы АКШдагы шайлоого четтен кийлигишүүгө тиешеси бар деп эсептеген адамдарды, анын ичинде россиялык "Рыбарь" Telegram каналынын кызматкерлерин аныктоого көмөкчү болгон маалымат үчүн 10 миллион долларга чейин сыйлык жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Долбоордун маалыматы боюнча, Rybar LLC медиакомпаниясы, "Рыбарь" долбоору деген ат менен да белгилүү, 2022-жылдын июнь айында АКШнын Финансы министрлиги тарабынан санкцияланган россиялык Ростех корпорациясы менен байланышта. АКШнын дипломатиялык кызматы "Рыбарь" АКШдагы саясий кырдаалга таасир этүү үчүн социалдык тармактарды пайдаланып, россиячыл жана Батышка каршы маалыматтарды жайылтууга багытталган пропаганда менен алектенет деп эсептейт. Мындан тышкары, "Рыбарь" 2024-жылы президенттик шайлоонун алдында Х социалдык тармагында TEXASvsUSA каналын ачкан. Ал жакта Техастын чек арасы аркылуу өткөн мыйзамсыз миграция туурасында темалар талкууланат. Вашингтон каналдын максаты АКШдагы социалдык жана саясий карама-каршылыкты күчөтүү, жек көрүү менен зордук-зомбулукту тутандыруу экенин айткан.