Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Чаткал районунда дайынсыз болгон жарандарды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, саат 08:34тө издөө иштерин улантуу максатында ӨКМдин Airbus H145 тик учагы куткаруучулар жана кар көчкү станциясынын кызматкерлери менен Кумбел тилкесинен кар көчкү түшкөн жерге учуп кетти. Эскерте кетсек, ӨКМ Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ак-Сай өрөөнүндө кар көчкүнүн астында калган жарандарды издөө иштерин жүргүзүп жатат. Аба ырайынын шарттарына байланыштуу кечээ издөө иштери убактылуу токтотулган. Дайынсыз болгон 6 жарандан үчөөнүн сөөгү табылып, тик учак менен Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилген. Калган 3 жаранды издөө иштери улантылууда.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) экономика жана соода министрлери менен жолукту. Жолугушууда минкаб төрагасы Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн экономикалык кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгилеп, акыркы жылдары Кыргызстандын уюмга мүчө-өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү дээрлик 62 пайызга өскөнүн, анын ичинде экспорт 54,6 пайызга, импорт дээрлик 66%га өстү. Акылбек Жапаров уюмга мүчө-өлкөлөрдун экономикалык потенциалын чыңдоо боюнча күч-аракеттерди мындан ары бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Сөзүнүн аягында министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан уюмга мүчө-өлкөлөрдүн өнөктөштүгүн бекемдеп, өз ара өнүгүшүнө алып келе турган жаңы идеяларды жана демилгелерди талкуулоого даяр экенин билдирди. Өз кезегинде ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн экономика жана соода министрлери уюмдун алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.
Бишкектеги мугалимдердин айлыгына берилчү каражат эми шаардык эмес, республикалык бюджеттен төлөнөт. Бул тууралуу парламенттик фракциялардын жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди. Анын айтымында, буга короп жүргөн шаардык бюджеттин каражаты башка максаттарга колдонулмакчы. "Биз мектептерди камсыздоо чыгымын республикалык бюджетке которуп жатабыз. 2025-жылы Бишкектин бюджетиндеги 3 миллиард сом, 2026-жылы 6,5 миллиард сом бошотулат. Каражат толугу менен мэрияда калып, шаарды өнүктүрүүгө жумшалмакчы", — деди Бакетаев.Буга чейин борбор калаадагы мугалимдердин эмгек акысы Бишкек мэриясынын бюджетинен алынчу.
БРИКС өлкөлөрү каржы маалыматтары менен алмашуу үчүн банктар аралык SWIFT системасынын аналогун түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды. РФ лидери бүгүн БРИКС мамлекеттеринин алдыңкы ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага Россиянын атынан “Россия сегодня” медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев катышты. Путин Киселевдун тактоочу суроосуна “бул борбордук банктар ортусундагы каржы маалыматын алмашуу. SWIFT аналогу — эл аралык эсептерди камсыз кылган нерсе” деп жооп берген. Бир нече жыл мурун SWIFT төлөмдөрдү иштеп чыгуунун негизги системасы болгон. Дүйнөнүн дээрлик бардык банктык операциялары ал аркылуу өткөн. Бирок 2014-жылы Батыш өлкөлөрү биринчи жолу Россияны системадан ажыратабыз деп коркутканда альтернативалар түзүлө баштаган. Россияда бул Финансылык билдирүүлөрдү берүү системасы, Кытайда чек аралык банктар аралык төлөмдөр системасы болсо, Индиянын да которуулар үчүн өзүнүн системасы бар.