Жарым кылымдан ашуун мурда ишке кирген. Каховка ГЭСинин видеосу

1955-жылдын 18-октябрында Каховка гидроэлектр станциясынын алты турбинасынын биринчиси ишке киргизилген.
Sputnik
Ал Украинанын энергетикасында маанилүү объект болуп, өлкөдөгү эң ири ГЭСтердин ондугун толуктап турган.
2023-жылдын июнь айында Украина дамбаны аткылап, плотинанын жабдыктары талкаланган да, суу күч менен агып чыгып, токтотууга мүмкүн болбой калган. Мунун кесепетинен Днепр дарыясынын эки тарабындагы ондогон калктуу конуштарды суу каптаган. Трагедиядан 50дөн ашуун адам каза болуп, 150дөн ашууну жаракат алган жана көптөгөн адамдар үй-жайсыз калган.
Башында Украина дамбаны бузууда Россияны күнөөлөгөн, бирок акыркы күндөрү украиналык "Укргидроэнерго" компаниясы РФке каршы доо койбоо чечимин кабыл алганын билдирди.
Алар мындай чечимин компаниянын ишмердүүлүгүн өлкөнүн улуттук стратегиясына ылайык кылып кеңири алып баруу менен түшүндүргөн.