БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Евразия экономикалык бирикмеси Кытай менен кызматташуу боюнча макулдашты. Бул тууралуу ЕАЭБдин иштиктүү кеңеши билдирди.
Аталган кеңеш менен Кытайдын эл аралык сооданы илгерилетүү боюнча комитетинин ортосунда кол коюлган меморандум ЕАЭБ өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы тоскоолдуктарды жоюуга жана бизнес байланыштарын мындан ары өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
"Кеп кызматташуунун шарттары боюнча маалымат алмашуу жөнүндө гана эмес, практикалык маселелерди биргелешип чечүү, чектөөлөрдү жоюуга көмөктөшүү, ар кандай форумдарды, ЭКСПОлорду уюштуруу жөнүндө болуп жатат", — деди иштиктүү кеңештин аткаруучу катчысы Сергей Михневич.
Меморандумга Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти, ЕАЭБ иштиктүү кеңешинин президиумунун мүчөсү Александр Шохин жана Кытайдын эл аралык сооданы илгерилетүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Чжан Шаоган кол коюшту.