Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Зеленскийди Украинадагы жаңжалды баштаган деп айыптады

Саясатчы өлкө башчы болуп шайланса, Украинадагы абалды жөнгө саларын убадалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Украинадагы жаңжалдын башталышына Владимир Зеленский күнөөлүү. Бул тууралуу АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп Патрик Бет-Дэвид менен болгон маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Ал бул согуштун башталышына жол бербеши керек болчу. Жеңилди", — деди Трамп.
Саясатчы өлкө башчы болуп шайланса, президенттик мөөнөтүндө Украинадагы жаңжалды жөнгө саларын убадалаган. Ошол эле маалда Трамп АКШ президенти Жо Байденди жаңжалды козутканы үчүн жемелеп, анын аракеттери кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга жол бербегенин белгиледи.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Курск аймагындагы террордук чабуулунан кийин Владимир Путин карапайым калкка жана жарандык инфраструктурага кол салгандар же атомдук энергетика объектилерине коркунуч жаратууга аракет кылгандар менен сүйлөшүү мүмкүн эместигин билдирген. Президенттин жардамчысы Юрий Ушаков кийинчерээк Москванын Украина боюнча мурда Путин айткан тынчтык сунуштары жокко чыгарылбаганын, бирок азырынча Киев менен сүйлөшпөй турганын айткан.
Демилге Крым, ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарынын Россиянын аймактары катары статусун таануу, Украинанын блокторго кошулбаган жана өзөктүк куралсыз статусун бекемдөө, аны демилитаризациялоо жана денацификациялоо, ошондой эле антироссиялык санкцияларды жоюуну карайт. Киев бул сунушту четке каккан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Жок дешет". Британияда Зеленскийдин "жеңиш планы" кеп болууда