БРИКС мамлекеттери SWIFT системасынын аналогун түзүүнүн үстүндө иштөөдө

Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. БРИКС өлкөлөрү каржы маалыматтары менен алмашуу үчүн банктар аралык SWIFT системасынын аналогун түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
РФ лидери бүгүн БРИКС мамлекеттеринин алдыңкы ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага Россиянын атынан “Россия сегодня” медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев катышты.
Путин Киселевдун тактоочу суроосуна “бул борбордук банктар ортусундагы каржы маалыматын алмашуу. SWIFT аналогу — эл аралык эсептерди камсыз кылган нерсе” деп жооп берген.
Бир нече жыл мурун SWIFT төлөмдөрдү иштеп чыгуунун негизги системасы болгон. Дүйнөнүн дээрлик бардык банктык операциялары ал аркылуу өткөн. Бирок 2014-жылы Батыш өлкөлөрү биринчи жолу Россияны системадан ажыратабыз деп коркутканда альтернативалар түзүлө баштаган. Россияда бул Финансылык билдирүүлөрдү берүү системасы, Кытайда чек аралык банктар аралык төлөмдөр системасы болсо, Индиянын да которуулар үчүн өзүнүн системасы бар.
Путин: БРИКС бирөөгө каршылык көрсөтүү үчүн түзүлгөн эмес