РФ лидери БРИКСтин иштиктүү форумунда эмнелерге токтолду. Урунттуу учурлар

Президент БРИКСтин ички дүң продукциянын жыйымы "Чоң жетилик" өлкөлөрүнүн көрсөткүчтөрүнөн ишенимдүү артып баратканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Москва шаарында өткөн БРИКСтин иштиктүү форумунун пленардык жыйынында РФ лидери Владимир Путин уюмдун дүйнөлүк ролуна токтолуп, анын келечеги тууралуу сөз кылды.
Төмөндө президенттин сүйлөгөн сөздөрүнүн маанилүү учурларын келтиребиз:
БРИКСтин ички дүң продукциянын жыйымы "Чоң жетилик" өлкөлөрүнүн көрсөткүчтөрүнөн ишенимдүү артып баратат;
БРИКС өлкөлөрүнүн ИДПсынын орточо өсүү темпи 2024-жылдын жыйынтыгы менен алып караганда 4 пайыз деп болжолдонууда, бул дүйнөлүк көрсөткүчтөн бир топ өйдө;
БРИКС мамлекеттеринин компаниялары бири-бири менен тыгыз кызматташып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып жатат;
Россия БРИКСтин механизмине "жаңыларды" интеграциялоону күчөтүүгө умтулуп келет;
БРИКС дүйнөлүк экономикада байкаларлык роль ойнойт, бул өсө бермекчи;
БРИКС мүчөлөрүнүн экономикалык өсүшүндө сырттан кийлигишүүгө жана таасирге көз карандылык мындан ары азаят;
БРИКСтин жаңы өнүктүрүү банкы өлкөлөрдүн алдыңкы каржылык механизмдерине альтернатива болмокчу;
Россия транспорттук агымын тез арада чет элдик ишенимдүү өнөктөштөргө бурат.
Путин: БРИКСтин жаңы банкы Батыштын механизмдерине альтернатива болот