"Келечек үчүн да маанилүү". Путин форумда БРИКСтин ролу туурасында айтты

Аталган уюмдун саммити бир нече күндөн кийин Казань шаарында болот.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. БРИКСтин дүйнөлүк экономикадагы ролу бүгүнкү күндө эле эмес, келечекте да арта турганы айкын болуп калды. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин Москвада өткөн БРИКСтин иштиктүү форумунда билдирди.
Ал бирикмеге кирген өлкөлөр чындыгында экономикалык өсүүнүн алдыга жетелөөчүсү болуп саналарын, БРИКС жакынкы келечекте дүйнөлүк ички дүң продукциянын негизги өсүшүн жаратарын айтты.

"Бирикменин алкагында өнүгүү үчүн тиешелүү платформалар түзүлөт. Алар: байланыш каналдары, технологиялык жана билим берүүнүн стандарттары, финансылык системалар, төлөм каражаттары, ошондой эле узак мөөнөттүү инвестицияларды туруктуу камсыз кылуу механизмдери. БРИКС мүчөлөрүнүн экономикалык өсүшүндө сырттан кийлигишүүгө жана таасирге көз карандылык мындан ары азаят", — деди Путин.

БРИКС — 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Россия 2024-жылдын 1-январынан тарта уюмга төрагалык кылууда. Жыл бирикмеге жаңы мүчөлөрдүн кошулушу менен башталды, эми уюмда Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасынан тышкары Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабия бар.
БРИКС саммити 2024-жылдын 22-24-октябрында Казань шаарында болот.
Куба Россиядан БРИКСке мүчө болууну расмий өтүндү