Путин: БРИКС бирөөгө каршылык көрсөтүү үчүн түзүлгөн эмес

Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. БРИКС өзүн эч кимге каршы койбойт. Бул туурасында Россиянын президенти Владимир Путин биримдикке мүчө өлкөлөрдөн келген журналисттер менен жолугушуусунда билдирди.
“БРИКС башка көптөгөн эл аралык уюмдардан эмнеси менен айырмаланат? БРИКС бирөөгө каршылык көрсөтүү үчүн түзүлгөн эмес. Индиянын премьер-министри БРИКС Батышка каршы биримдик эмес деп абдан жакшы айтты. Уюм болгону батышчыл эмес, ал бири-биринин кызыкчылыгын сыйлайт, өнүгүүнү бир багытта көрөт жана жалпы баалуулуктары бар. Мына ушул негизде Казанда иштейбиз”, — деди Путин.
Анын айтымында, Түштүк-Чыгыш Азия жана Африка мамлекеттери глобалдык өнүгүүнүн борборуна айланат. РФ лидери БРИКС өлкөлөрүнөн келген журналисттер менен жолугушуусунда дүйнөдө жаңы өнүгүү борборлорунун түзүлүшүн биздин замандын жышааны деп атады.
“Мен ишенип, угуп жүргөн адистердин айтымында, өнүгүү БРИКС өлкөлөрүндө, глобалдык түштүктө, Түштүк-Чыгыш Азия менен Африкада болот. Кытай жана Индия, Россия жана Сауд Арабиясы сымал күчтүү өлкөлөр дүркүрөп өсүп-өнүгөт”, — деди Путин.
РФ лидери БРИКСтин иштиктүү форумунда эмнелерге токтолду. Урунттуу учурлар