Радио

"Кыргызстандарттын" сайты аркылуу стандарттарды онлайн сатып алса болот

Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун Стандартташтыруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Жанара Акылбекова өлкөнүн ар кайсы тармагында "Кыргызстандарттын" стандартташтыруу боюнча 24 комитети иштеп жатканын айтты.
Sputnik
"Кыргызстандарттын" техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук фондунда учурда 27 миңден ашык стандарт кабыл алынган. Бул тууралуу Жанара Акылбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эл аралык стандарттарды кабыл алуу, улуттук нормаларды дүйнөлүк талаптарга шайкеш келтирүү жана кызыкдар тараптарга так маалымат берүү жаатында активдүү иш жүрүүдө.
"Экономика жана коммерция министрлигинин "Кыргызстандарт" мекемесинин стандартташтыруу жаатындагы негизги функциясы стандарттарды кабыл алуу жана калкты, бизнес чөйрөсүн, мамлекеттик органдарды керектүү стандарттар менен камсыз кылуу болуп саналат. Учурда техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук фондунда 27 миңден ашык стандарт кабыл алынган. Өлкөнүн ар түрдүү тармагында "Кыргызстандарттын" стандартташтыруу боюнча 24 комитети иш алып барууда. Эл аралык стандарттарды кабыл алуу, улуттук нормаларды дүйнөлүк талаптарга шайкеш келтирүү жана кызыкдар тараптарга так маалымат берүү жаатында активдүү иш жүрүүдө", — деди Акылбекова.
Ошондой эле ал каалоочулар "Кыргызстандарттын" автоматташтырылган сайты аркылуу стандарттарды онлайн сатып алса болорун кошумчалады.