Чаткалда изделип жаткан алты кишинин бирөөсүнүн сөөгү табылды

Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Чаткалда изделип жаткан алты кишинин бирөөсүнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Мааыламтка ылайык, куткаруучулар 46 жаштагы кишинин сөгүн таап, учак менен штабга алып келинген.
Эске салсак, 9-октябрда 14 адам дары чөптүн (эндиктин) тамырын казып алуу үчүн тоого чыгып кетип, ошол боюнча байланышка чыкпай калышкан. ӨКМдин райондогу бөлүмүнүн кызматкерлери издөөгө чыгып, сегиз киши аман-эсен табылган. Алтоо кар көчкүнүн алдында калганы айтылган. Бүгүн аларды издөөгө ӨКМдин тик учагы тартылган болчу.
Төө-Ашууда миңдей унаа тыгынга учурап, ӨКМ ыкчам штаб уюштурду