Жылына 50 миң иш орду түзүлөт. "Эл дөөлөтү — эмгек" программасы иштелип чыкты

Программа 2030-жылга чейин эмгек рыногун өнүктүрүү жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө багытталган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстанда "Эл дөөлөтү — эмгек" улуттук программасы иштелип чыкты. Аны Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги коомдук талкууга чыгарды.
Программа 2030-жылга чейин эмгек рыногун өнүктүрүү жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө багытталган.
"Акыркы убакта эмгек рыногу бир катар көйгөйлөргө дуушар болууда. Маселен, жумушсуздуктун жана көмүскө иштегендердин көбөйүшү. Бул маселелер комплекстүү мамилени талап кылууда", — деп айтылат маалыматта.
Концепцияда 2030-жылга карата жумушсуздуктун деңгээлин 4,9 пайыздан 4 пайызга чейин, жакырчылыктын деңгээлин 29,8дан 25 пайызга чейин азайтуу, ошондой эле экономиканын формалдуу секторунда жыл сайын кеминде 50 миң жумуш ордун түзүү максаты коюлган.
"Алдыдагы беш жылда өлкөнүн калкы 630 миңге өсүп, 7,6 миллионго жетет. Мунун ичинен эмгекке жарамдуу курактагылар 250 миңге көбөйүп, 3,9 миллионго жакындайт. 14-28 жаштагылардын үлүшү 5 жылда 75,5 миң адамга өсөт жана өлкөнүн эмгекке жарамдуу калкынын жалпы санынын 30 пайызга жакынын түзөт. Жыл ичинде эмгекке жарамдуу калктын максималдуу өсүшү 2025-жылы 1,1 пайыз болот. Бул курактык топтогу калктын санынын өсүшү 2040-жылга чейин байкалат", — деп жазылган программада.
Мындан улам программанын алкагында пландалган чаралар:
иш менен камсыз кылууну жогорулатуу: жаңы жумуш орундарын түзүү, чакан жана орто бизнести колдоо, инфраструктураны жана айыл чарбасын өнүктүрүү;
кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо: кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүү жана заманбап талаптарды эске алуу менен квалификацияны жогорулатуу;
калктын аялуу катмарын колдоо: жаштарды, аялдарды, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды жана жумушсуздарды колдоо;
ишке орноштуруу жаатындагысын санариптештирүүнү жаңылоо;
эмгектин мобилдүүлүгүн стимулдаштыруу: мигранттарды мекенине кайтып келүү үчүн шарттарды түзүү;
эмгек шарттарын жакшыртуу: жумуш ордунда шарттарды жакшыртуу, эмгекти коргоону жана жумушчулардын укуктарынын сакталышын жакшыртуу;
көмүскө иштегендердин санын кыскартуу: эмгек мамилелерин легалдаштыруу жана жумушчуларды кызыктыруу.
Бул чаралар жумушсуздукту кыскартууга, иштин сапатын жакшыртууга жана туруктуу, адилеттүү иш менен камсыз кылуу системасын түзүүгө жардам берери кошумчаланган.
Өлкөдө жумушсуз деп катталгандардын саны 6 айда 17 миңге азайды