БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. 2029-жылы Кыргызстандын бюджети 1 триллион сомго жетет. Мындай билдирүүнү Акылбек Жапаров кечээ, 17-октябрда, министрлер кабинетинин жыйынында жасады.
Акылбек Жапаров 9 айдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын өсүшү 108,4 пайыз экенин билдирди.
"Биз "Ак илбирстин секириги" программасын сунуштаганбыз. Ага ылайык 2030-жылга чейин, биздин эсептөөлөр боюнча 2029-жылга чейин 1 триллион сомдук бюджетке жетебиз. Ал үчүн жыл сайын 10-12 пайызга өсүш керек. Азыр 10 пайызга жакындап калдык", — деди минкаб төрагасы.
Министрлер кабинетинен маалымдагандай, продукцияга таза салык былтыр 103,1 пайызды түзсө, быйыл 108,9 пайызга аткарылган.