Бишкектеги мугалимдердин маянасы республикалык бюджеттен берилет

Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бишкектеги мугалимдердин айлыгына берилчү каражат эми шаардык эмес, республикалык бюджеттен төлөнөт. Бул тууралуу парламенттик фракциялардын жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Анын айтымында, буга короп жүргөн шаардык бюджеттин каражаты башка максаттарга колдонулмакчы.
"Биз мектептерди камсыздоо чыгымын республикалык бюджетке которуп жатабыз. 2025-жылы Бишкектин бюджетиндеги 3 миллиард сом, 2026-жылы 6,5 миллиард сом бошотулат. Каражат толугу менен мэрияда калып, шаарды өнүктүрүүгө жумшалмакчы", — деди Бакетаев.
Буга чейин борбор калаадагы мугалимдердин эмгек акысы Бишкек мэриясынын бюджетинен алынчу.
Министр Кендирбаева: кийинки жылы окуучулар бир класска "секирик" жасайт