Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы жол кырсыгы 4 кишинин өмүрүн алды

Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жол кырсыгынан төрт адам каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кырсык 18-октябрь күнү түнкү саат 02:50лөр чамасында Ош — Баткен — Раззаков унаа жолунда болгон.
"29 жаштагы Ж.Н. Mercedes-Benz 211 үлгүсүндөгү автоунаасы менен каршы тилкеге чыгып, Honda Stepwgn автоунаасын сүзүп алган. Аны 57 жаштагы И.А. аттуу тургун айдап бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен төрт адам каза болуп, дагы төрт киши ооруканага жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.
Бишкекте жаш кызды автобус сүзүп, ал ооруканада каза болду. Видео