Кыдырата тизилген техника. "Ала-Тоо" аянтында айыл чарба көргөзмөсү өтүп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бишкекте "АгроТехЭкспо-2024" жана "Алтын күз" көргөзмөсү өтүп жатат.
1 / 3

Бишкекте "АгроТехЭкспо-2024" жана "Алтын күз" көргөзмөсү өтүп жатат

2 / 3

"Ала-Тоо" менен эски аянтта жаңы техникалар, асыл тукум мал, ветеринардык дары-дармектер, жер семирткичтер жана башкалар көрсөтүлүүдө

3 / 3

Иш-чаранын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров 1 миллиард сомго сатып алынган 112 атайын техниканы жана 83 миллион сомдук 48 кызматтык автоунааны айыл чарба министрлигинин башкармалыктарына тапшырды

"Ала-Тоо" менен эски аянтта жаңы техникалар, асыл тукум мал, ветеринардык дары-дармектер, жер семирткичтер жана башкалар көрсөтүлүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров 1 миллиард сомго сатып алынган 112 атайын техниканы жана 83 миллион сомдук 48 кызматтык автоунааны айыл чарба министрлигинин башкармалыктарына тапшырды.
"Кыргызстандын айыл чарбасы — өлкөбүздүн экономикасына арка-бел болгон артыкчылыктуу тармактардын бири. Ал сапаттуу мол продукция өндүрүүгө жана аны менен тышкы соода-сатыкта атаандашууга, кайра иштетүүчү ишканаларды ачууга жана жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт", — деди өлкө башчы.
Садыр Жапаров эмдиги жылы министрликке караштуу суу ресурстары кызматы 400дөн кем эмес атайын техника менен камсыздаларын кошумчалады.
Көргөзмө үч күнгө созулуп, аймактардан жалпысынан 20 миңден ашык фермер катышары күтүлүүдө.
Кант кызылчасын ташуу үчүн вагон менен үзгүлтүксүз камсыздоо тапшырылды