Министр Кендирбаева: кийинки жылы окуучулар бир класска "секирик" жасайт

Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бир жылдан кийин окуучулар бир класска "секирик" жасашат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева АКИpress агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, нөлүнчү классты бүткөндөр экинчиге, ал эми билим берүүнүн башталгыч, негизги жана орто болуп, бардык баскычтагылар бир класска "секиришет".
"2028-жылы 12 жылдык окуунун биринчи аттестаттары берилет. 2029-2030-жылдары мектептер толугу менен 12 жылдык билим берүү системасына өтөт. Ал эми 10-12-класстын окуучуларына кесипке багыт берилип, жумушка даярдалат, айрым сабактар тереңдетип окутулат", — деди Кендирбаева.
Ошондой эле ал Бишкекте мектеп тартыштыгы күч болгондуктан инвестициянын көпчүлүгү борбор калаага багытталарын кошумчалады.
Курулуш компаниялары үйлөр менен бирге бала бакча, мектеп курууга милдеттендирилет