Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Аскерий эксперт Запорожье багытында кырдаал тууралуу айтып берди

Акыркы бир жарым айдын ичинде салыштырмалуу тынчыраак болуп жаткан Запорожье багытында кырдаал күчөдү. Тагыраагы, Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын коргоону чегин үч бөлүктө бузуп өттү.
Sputnik
Мындай маалыматты аскерий эксперт Александр Хроленко айтканын Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
"Каменское аймагындагы россиялыктардын майнаптуу кадамы Запорожье шаарына жол ачат, Левадное аймагынын бошотулушу Гуляй поле тарапка чабуул жасоого мүмкүндүк берет. Ал эми Работинодон Ореховго болгон жылыштар Днепрдин сол жээгин бошотууга жакындатып жатат", — деди аскерий эксперт.
РФ бошоткон жерлер тууралуу да кошумчалады.
"Сентябрь – октябрь айларында украиналык серепчилер Россия бошоткон 820 чарчы чакырым аймакты эсептеп чыгышкан. Бул 2023-жылдын бардык жыйынтыктарына караганда 5,5 эсе көп", — деди эксперт.
Тема боюнча:
Ким Дотком: Украина менен НАТО кыйыр согушта жеңилди