Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Жок дешет". Британияда Зеленскийдин "жеңиш планы" кеп болууда

Эксперт Зеленскийдин буга чейин сурап келген нерселеринен Батыш эч качан баш тартпаганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Батыш мамлекеттери Владимир Зеленскийдин тынымсыз сурай бергенинен тажап бүттү жана жаңы талаптарын аткарууга даярданып турган жок. Бул туурасында британиялык эксперт Александр Меркурис YouTube каналында айтканын РИА Новости жазды.

"Зеленский Батыш өлкөлөрүнүн өкмөттөрү бул талаптарга нааразы болгонун көрөт. Биринчи ирет алардын "жок" деген жообун кабыл алышы керектигин айтышат", — деген эксперт.

Анын айтымында, Зеленский Батыштын "жок" деген жообун эч качан кабыл алган эмес, тескерисинче, орундалып калат деген үмүттө талаптарын улам кайталап келген.
Зеленский шаршемби күнү Жогорку Радага "жеңиш планын" алып чыккан. Документ беш бөлүктөн жана жашыруун үч толуктоодон турат. Тагыраагы, биринчи пункт — кийин мүчө болот деген максат менен Украинаны НАТОго чакыруу. Экинчиси — россиялык аймактарга алыска атылуучу ракетаны колдонууга коюлган чектөөнү алуу. Ал эми үчүнчүсү — Россияны "токтотуп туруу үчүн өзөктүк эмес комплекстүү пакетти" Украина аймагына жайгаштыруу. Бул план боюнча кармаш 2025-жылы аякташы керек. Ал өзүнүн планынын аткарылышы "өнөктөштөргө байланышуу" экендигин айткан.
РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова Зеленскийдин "жеңиш планына" комментарий берип жатып, бул план эмес эле маанисиз ураандардын топтому экенин белгилеген. Анын айтымында, документ НАТОну Россия менен кагылышка түз эле түртүп турат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Батыш Зеленскийдин "жеңиш планын" салкын кабыл алды