БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. БРИКСтин жаңы өнүктүрүү банкы өлкөлөрдүн алдыңкы каржылык механизмдерине альтернатива болуп саналат, анын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү улантылат. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин Москвада өткөн БРИКСтин иштиктүү форумунда айтканын РИА Новости жазды.
"Каржылык кызматташууну бекемдөөдөгү өзгөчө вазийпа жаңы өнүктүрүү банкына туура келет. Бул — жакшы, кубаттуу жана майнаптуу түзүм. Анын олуттуу капиталдык базасы жана тажрыйбалуу эксперттер жамааты бар. Өнүктүрүү банкы институт катары Батыштын бир топ каржы механизмдерине альтернатива болуп саналат. Биз, албетте, аны өнүктүрүп, эч кимге каршы келбей турган өз алдынча түзүм катары түптөп жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтебиз", — деди Путин БРИКСтин иштиктүү форумунун пленардык жыйынында сүйлөп жатып.
БРИКС — 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Россия 2024-жылдын 1-январынан тарта уюмга төрагалык кылууда. Жыл бирикмеге жаңы мүчөлөрдүн кошулушу менен башталды, эми уюмда Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасынан тышкары Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабия бар.
БРИКС саммити 2024-жылдын 22-24-октябрында Казань шаарында болот.