Бишкекте жол кырсыгы катталып, эки адамдын өмүрү кыйылды

Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бишкекте жол кырсыгынан бир аял менен бала каза болду.
Милициянын кайгуул кызматы кырсык 17-октябрь күнү саат 23:30дар чамасында болгонун кабарлады. Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Масалиев көчөсү менен баратып Бакаев көчөсүнүн кесилишинен Toyota Yaris унаасы менен сүзүшкөн.
1 / 2

Милициянын кайгуул кызматы кырсык 17-октябрь күнү саат 23:30дар чамасында болгонун кабарлады

2 / 2

Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Масалиев көчөсү менен баратып Бакаев көчөсүнүн кесилишинен Toyota Yaris унаасы менен сүзүшкөн

“Кырсыктан улам 34 жаштагы аял (Hyundai Sonata айдоочусу) менен 11 жаштагы бала каза болду. Ооруканага үч адам, анын ичинде эки унаанын айдоочулары жеткирилген”, — деп билдирди Милициянын кайгуул кызматы.
Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы жол кырсыгы 4 кишинин өмүрүн алды