Радио

Жылкыбаев: аралыктан шайлоо ички миграциядагыларга жакшы шарт түзөт

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев аралыктан добуш берүү менен электрондук добуш берүүнү чаташтырбоо керектигин айтты.
Sputnik
Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аралыктан добуш берүүнү камсыздоо үчүн 10 шайлоо тилкеси иштейт. Бул тууралуу Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган ыкма былтыр сыналып, жакшы натыйжа берген.
"Бул шайлоодо аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулат. Былтыр Саруу айылдык кеңешине болгон шайлоодо пилоттук режимде сыналган. Жакшы натыйжа берди. Эки депутаттын добушу тең чыгып калып, бири дал ушул аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыгы менен утту. Муну ички миграцияда жүргөндөр колдоно алат. Бишкекте убактылуу жашаса, аралыктан добуш берүү аркылуу өз айылынын саясий жашоосуна активдүү катышса болот. Аралыктан добуш берүү үчүн жалпы республика аймагында 10 шайлоо тилкеси ачылат. Бишкекте төрт жана алты облустун борборлорунда бирден шайлоо тилкеси иштейт. Аралыктан добуш берүүчүлөрдүн тизмесине кирүү үчүн 1-ноябрга чейин арыз жазыш керек. Белгилей кетүүчү нерсе, аралыктан добуш берүүнү электрондук добуш берүү менен чаташтырбаш керек. Бул да былтыр сыналган, анда телефон, компьютер менен үйдө же иште отуруп эле добуш берүүгө мүмүнчүлүк түзүлгөн. Бул азырынча мыйзамга кире элек, келечектин иши", — деди Жылкыбаев.
Ошондой эле ал элди 17-ноябрда өтө турган шайлоого активдүү катышууга чакырды.