19-октябрга карата аба ырайы

19-октябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында бир аз жаан, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жамгыр жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй облусунда +14…+19, Таласта +13…+18, Ош менен Жалал-Абад аймагында +17…+22, Баткен өрөөнүндө +16…+21, Ысык-Көлдө +9...+14, Нарын жергесинде +8…+13 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкекте күндүн табы +17…+19 градус жылуу болсо, Ош шаарында +20…+22 градуска жетет.
Жылына 50 миң иш орду түзүлөт. "Эл дөөлөтү — эмгек" программасы иштелип чыкты