Каз-катар тизилген жол боюндагы мыйзамсыз курулуштар – министрликтин күчөгөн күрөшү маселени чече алабы?

Sputnik
Жол боюндагы баш аламан жайгашкан мыйзамсыз курулуштар көп көйгөйдү жаратып келет. Негизгилерине токтолсок, айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч келтирет. Жол кырсыгына себепчи болушу мүмкүн. Мындан сырткары жол тыгыны баштаган бир нече кесепеттери тууралуу айтсак болот. “Ачык кеп” программасынын алкагында дал ушул жол боюндагы мыйзамсыз курулуштардын кесепети жана аларга каршы жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга Транспорт жана коммуникация министрлигинин Жол-транспорт коопсуздугун көзөмөлдөө жана күзөтүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлсада Ибраимова жооп берди.