Салык декларациясын тапшыруу маданияты бир калыпка түшүүдө

Sputnik
Салык декларациясын жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер, менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар, мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери, эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар, жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жактар тапшырарын Токтобек Батыржанов санап өттү. Учурда калк арасында дагы да түшүнбөстүктөр бар. Андыктан 116 номерине чалып маселесин айтып, жооп алса болорун Батыржанов билдирди.