Москвада, Санкт-Петербургда кыргыз искусствосунун каймактары өнөрлөрүн тартуулайт – Россиядагы Кыргызстандын маданият күндөрү кандай өтөт?

Sputnik
Кыргызстан менен Россия көп жылдар бою эриш-аркак иш алып барып, кызматташып келет. Бул алакада эң жакшы өнүккөн тармактардын бири - маданият. Дал ушул жаатта кызматташтыкты дагы да бекемдеген иш-чара орун алууда. 18-22-октябрда Россиянын бир нече шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Анда кыргыз тасмалары көрсөтүлүп, спектаклдер коюлат. Форумдар уюштурулуп, кыргыз искусство чеберлеринин концерти орун алат.
Бул жолу “Күн башат” программасында Маданият министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Салтанат Мамбетмусаев жана Маданият, министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Алтынай Сыдыгалиева конокто болду. Алар дал ушул кыргыз маданиятын россиялыктарга даңктаган иш-чара тууралуу кеңири айтып беришти.